2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 2,8 миллиондон ашык чет элдик жаран келди, ал эми туризмден түшкөн салык түшүүлөрү 160,6 миллион сомду түздү. Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында мейманкана жыйымын киргизүү механизмин иштеп чыгуу тапшырылды.